ШКУ мамлекеттери туризм тармагын биргелешип өнүктүрөт

ШКУ мамлекеттери туризм тармагын биргелешип өнүктүрөт

Казакстан менен Өзбекстан биргелешип трансчегаралык туристтик коридорлорду өнүктүрүүгө көңүл бурушат. Бул эки тараптуу байланыштарды бекемдейт. Мисалы, бир каттам Түркестандан башталып, Самарканд аркылуу өтүп, Бухарадан аяктайт. Учурда бул туристтик маршруттун инфраструктурасы жакшыртылууда. Бул тууралуу Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин маданият министрлеринин Ташкентте өткөн 19-жыйынында айтылды. Катышуучулар кино, театр, китепкана жана музей тармагында биргелешкен долбоорлорду иштеп чыгууга кызыгуучулук билдиришти.

Даурен Абаев, Казакстандын Маданият жана спорт министри:

- Биз бир эле Түркестанды эмес, Таразды да кошобуз. Андан ары Каспий жээги боюнча Орусия Федерациясы аркылуу круизди кароого даярбыз.

Азиз Абдухакимов, Өзбекстан Премьер-министринин орун басары:

- Акыркы жылдары бул тармак абдан жигердүү өнүгүп жатат. Президент туризм тармагында чоң реформа жасады. Ага чейин тармактын ИДӨгө кошкон салымы 1 пайызга да жеткен эмес.  Пандемияга чейин бул көрсөткүч 4 пайызды түздү. Келечекте темп басаңдабайт деп ишенебиз. Пандемия учурунда туризм каатчылыкка учураганын билебиз. Ошого карабастан Өзбекстандын экономикасы тездик менен өстү.

Которгон: Илгиз Жамалбеков