Ыктыярдуу пенсия төлөмдөргө суроо-талап артууда

Ыктыярдуу пенсия төлөмдөргө суроо-талап артууда

Казакстанда ыктыярдуу пенсиялык төлөмдөргө суроо-талап өсүүдө. Үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталында өлкөнүн пенсиялык фондуна бул максатта жумшалган инвестициясы өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 87% өскөн. Жалпысынан акыркы 3 жылда ыктыярдуу төлөмдөрдүн саны жылына орточо 45%га жогорулады. Адистердин айтымында, анын өсүшү пенсиялык системанын жакшырышына жана жеке пенсиялык эсептерди ачуу жараянынын жөнөкөйлөштүрүлүшүнө байланыштуу. Белгилей кетсек, казакстандыктар эсеп ачуу үчүн бирдиктүү пенсиялык топтоо фондуна кайрылуунун кажети жок. Себеби, өткөн жылдын бугу айынан бери пенсиялык фондго алгачкы ыктыярдуу чегерүү аны ачууга негиз болуп саналат.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков