М. Тлеуберди БУУнун башкы катчысы менен жолугушту

М. Тлеуберди БУУнун башкы катчысы менен жолугушту

Казакстан дүйнөлүк рынокко айыл чарба өнүмдөрүн жеткирүүнү мындан ары кеңейтүүгө, ошондой эле Ооганстанга эл аралык гуманитардык жардам көрсөтүүгө даяр. Бул тууралуу Казакстандын премьер-министринин орун басары, тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди Нью-Йоркто өтүп жаткан «Дүйнөлүк азык-түлүк коопсуздугу: иш-аракетке чакыруу» конференциясында билдирди. Эл аралык конференция бир жагынан азык-түлүк тартыштыгына дуушар болгон мамлекеттерди, экинчи жагынан дүйнөлүк азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууда маанилүү роль ойногон мамлекеттердин башын бириктирүү. Белгилей кетсек, Бириккен улуттар уюмунун маалыматы боюнча, 38 өлкөдө 44 миллион адам ачарчылык коркунучунда турат жана миллиондон ашууну тоё тамактанбайт. Казакстандын тышкы иштер министри БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш менен да жолукту. Тараптар Казакстан менен Уюмдун ортосундагы кызматташтыктын өнүгүшүн жана келечегин талкуулашты.

Мухтар Тлеуберди, Казакстан премьер-министринин орун басары, тышкы иштер министри:

- Учурдагы куралдуу кагылышуу Казакстанды өзгөчө тынчсыздандырып жатат. Натыйжада, азык-түлүк коопсуздугу жана анын резервдери жабыркоодо. Тамак-ашка муктаж болгон адамдардын саны көбөйүүдө. Мындан тышкары, ковид-19 да ачарчылыктын көбөйүшүнө терс таасирин тийгизип жатат. Буга байланыштуу биз чыр-чатакка катышы бар бардык тараптарды эл аралык гуманитардык укукту сактоого чакырабыз.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков