Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясы эл аралык байкоочуларды аккредитациялады

Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясы эл аралык байкоочуларды аккредитациялады

Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясы элдик референдумга эл аралык байкоочуларды аккредитациялады. Тышкы иштер министрлигинин сунушу менен уюмдардан жана чет өлкөлөрдөн келген байкоочулардын тизмесинде 39 адам бар. КМШнын байкоочулар миссиясынан 6 байкоочу, Шериктештиктин Парламенттер аралык ассамблеясынан 17, Түрк мамлекеттер уюмунан 5 байкоочу каттоодон өттү. Азербайжан, Беларус, Болгария, Грузия жана Молдовадан 11 байкоочу аккредитацияланган. Эл аралык уюмдардан жана чет мамлекеттерден келген байкоочуларды каттоо бугу айынын 30 күнү саат 18:00гө чейин уланат. Эске салсак, Казакстандын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча республикалык референдум кулжа айынын 5не белгиленген.

Которгон: Илгиз Жамалбеков