Касым-Жомарт Токаев Алматы шаарынын акими Ерболат Досаевди кабыл алды

Касым-Жомарт Токаев Алматы шаарынын акими Ерболат Досаевди кабыл алды

Мамлекет башчы Алматынын жыл башынан берки экономикалык абалы тууралуу докладды укту. Шаар акиминин айтымында, бул мезгилде кыска мөөнөттүү экономикалык көрсөткүч 107 пайыздан өскөн. Негизги капиталга инвестициянын өсүшү 21 пайыздан ашты. Январь окуясынан кийин шаардын экономикасынын өсүшү жылдын экинчи жарымынын башына чейин толук калыбына келээри күтүлүүдө. Ерболат Досаев жабыркаган ишкерлерге компенсация төлөп берүү жараяны боюнча да маалымат берди. Бүгүнкү күндө 14 миллиард теңгеге жакын арыздар канааттандырылган. Зыян тарткан ишканалардын дээрлик бардыгы кайрадан ишин баштады.

Которгон: Илгиз Жамалбеков