«Талант» мамлекеттик жаштар сыйлыгына сынак жарыяланды

«Талант» мамлекеттик жаштар сыйлыгына сынак жарыяланды

Казакстанда «Талант» мамлекеттик жаштар сыйлыгына сынак жарыяланды. Арыздар баш оона айынын 10нан тартып кабыл алынат. Талапкерлер адабият, илим, дизайн жана көркөм өнөр, журналистика, классикалык музыка, мамлекеттик кызмат, спорт, театр жана кино, эстрада, элдик чыгармачылык категориялары боюнча тандалат. Талапкерлер мамлекеттик органдардын жана коомдук бирикмелердин өкүлдөрү тарабынан көрсөтүлөт. Жаштар сыйлыгына илимде, искусстводо, мамлекеттик кызматта жана спортто жемиштүү натыйжаларга жетишкен 29 жашка чейинки казакстандыктар арыз бере алат. Жеңүүчүлөр эгемендүүлүк күнүнүн  алдында белгилүү болот.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков