Конституциялык реформа – Мамлекет башчысы жарыялаган саясий реформалардын уландысы

Конституциялык реформа – Мамлекет башчысы жарыялаган саясий реформалардын уландысы

Конституциялык реформа - президенттин саясий реформаларынын уландысы. Бул тууралуу мамлекеттик катчы Ерлан Карин билдирди. Түзөтүүлөр мамлекеттин негизги принциптерине тиешелүү жана Казакстан үчүн тарыхый мааниге ээ. Бул реформалар масштабдуу саясий модернизациянын эң маанилүү этабы деп белгиледи мамлекеттик катчы. Долбоордун үстүндө алдыңкы окумуштуулар жана юристтер иштешти. Жарандар конституциянын эски жана жаңы редакциясынын айырмасын көрүүсү үчүн сунушталып жаткан өзгөртүүлөр жана толуктоолор беш чоң блокко бөлүндү. Түзөтүүлөрдүн биринчи блогу суперпрезиденттик моделден президенттик республикага толугу менен өтүүнү камсыздайт.

Ерлан Карин, Казакстандын мамлекеттик катчысы:

- Экинчи багыт. Бул өзгөртүүлөр бир катар ыйгарым укуктарды кайра бөлүштүрүүгө багытталган. Биринчиден, сенатта президенттик квота 15 депутаттан 10го чейин кыскартылат. Алардын бешөөсүн Казакстан элинин ассамблеясынын өкүлдөрү сунуштайт. Экинчиден, президент конституциялык кеңешменин жана Жогорку соттор кеңешинин төрагалык кызматына сунушталган талапкерлерди сенат менен макулдашат. Үчүнчүдөн, Конституциялык сот түзүлөт. Төртүнчүдөн, Республикалык бюджеттин аткарылышын көзөмөлдөө боюнча эсеп комитети Жогорку эсептөө палатасы болуп өзгөртүлөт. Анын төрагасы жылына эки жолу Мажилисте отчёт берет.

Калган түзөтүүлөр да парламенттин жана анын палаталарынын ролун ошондой эле макамын күчөтүүгө, өлкөнүн иштерине коомчулуктун кеңири катышуусуна жана жарандардын укуктарын коргоого багытталып жатат.

 

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков