Референдумда чет өлкөдөгү казакстандыктар добуш бере алат

Референдумда чет өлкөдөгү казакстандыктар добуш бере алат

Кулжа айынын 5де Конституцияны өзгөртүү боюнча референдумга чет өлкөдөгү казакстандыктар да добуш бере алат. Маселен, Орусиянын беш шаарында шайлоо участкалары иштейт. Коңшу өлкөдөгү Казакстандын элчилигинен билдиришкендей, Москвадан тышкары Санкт-Петербург, Казань, Астрахань жана Омскиде добуш берүүгө болот. Өзбекстандагы консулдук адистер 18 жашка толгон жана өлкөдө туруктуу иштеген же окуп жүргөн казак жарандарынын тизмесин түзө башташты. Азырынча алардын саны 500гө жетет деп күтүлүүдө. Өлкөгө убактылуу келгендер да өз тандоосун жасай алышат.

Бакыт Нурманбетова, Казакстандын Өзбекстандагы элчилигинин консулу

- Ал ошол күнү бизге келет. Тагырагы кулжа айынын 5и. Бюллетень ошол адамга берилет. Тизмеге жазылат. Анын мындай укугу бар. Алар бизге кандайдыр бир себептер менен келип, кандай кырдаалда болбосун добуштарын беришет. Дарыланууга, саякатка же жумушка болобу бизге келип мыйзамдуу түрдө добуш бере алат.

Казакстанда Конституцияны өзгөртүү боюнча референдумга 12 миллиондой адам катыша алат. Жалпысынан 10 миңден ашуун шайлоо участкалары иштейт.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков