«Tiji» каармандары казакча сүйлөйт

«Tiji» каармандары казакча сүйлөйт

Казакстандык балдар популярдуу «Tiji» телеканалынын мультфильмдерин мамлекеттик тилде көрө алышат. Чыгармалар «Казакфильмде» бир жыл дубляжда болгон. Үн коштоочу актёрлор чет элдик компанияларда атайын кастингден өткөн. Маалымат жана коомдук өнүктүрүү министрлигинин маалыматы боюнча, популярдуу анимациялык телеканалдардын өнүмдөрүн казак тилине которуу долбоору 2021-жылы башталган. Бүгүнкү күндө TiJi каналы дүйнөнүн 20 өлкөсүндө 14 тилде маалымат таратат.

Жан-Рене Окутюрье, Эл аралык дистрибуциялоо боюнча мүдүр:

- Биз казакстандык балдар үчүн сапаттуу билим берүү жана оюн-зоок программаларын сунуштайбыз. Бул жерде 2 жаштан 7 жашка чейинки балдар өз эне тилинде ар кандай мультфильмдерди көрүп, көңүлүн өркүндөтүүгө мүмкүнчүлүк алышат. Дубляжда ар бир материал кылдаттык менен текшерилип, котормонун сапатына өзгөчө көңүл бурулат.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков