Казакстан жаңы эл аралык аба каттамдарын ишке кошууда

Казакстан жаңы эл аралык аба каттамдарын ишке кошууда

Казакстанда жаңы эл аралык каттамдар ачылат. Ошентип кулжа айынын 2нен тарта Алматыдан Ереванга учак уча баштайт. Авиакомпаниянын басма сөз кызматы билдиргендей, каттам жумасына эки жолу дүйшөмбү жана бейшемби күндөрү аткарылат. Теке айынан баштап Германиянын шаарларына каттамдардын саны көбөйтүлөт. Уральск-Франкфурт каттамын кошкондо алардын саны жумасына 15ке чейин артат. Бул жумадан баштап Казакстандан Түркияга жумасына 124 каттам аткарылаары пландалууда.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков