Билим алуу гранттары, бош жумуш орду тууралуу мобилдик тиркеме ишке киргизилет

Билим алуу гранттары, бош жумуш орду тууралуу мобилдик тиркеме ишке киргизилет

Казакстанда биринчи жолу абитуриенттер үчүн керектүү маалыматтарды чогулткан мобилдик тиркеме ишке киргизилет. Ата мекендик иштеп чыгуу мектеп окуучуларына жана колледждердин студенттерине чыныгы жардамчы болот. Анткени тиркеме жаштарга өлкөнүн ЖОЖдору, мамлекеттик жана башка гранттык программалар тууралуу бардык маалыматтарды билүүгө жана көрүүгө мүмкүндүк берет. Ошондой эле аймактардагы бош орундар тууралуу толук маалымат алууга болот. Долбоордун уюштуруучулары аны жакынкы эки айдын ичинде ишке киргизүүнү мерчемдеп жатат.

Азат Теңгебаев, Казакстан студенттер альянсынын аткаруучу мүдүрү:

- Ал эмнени камтыйт? 9-11-класстын окуучулары, колледждин студенттери жана бүтүрүүчүлөрү мобилдик тиркемеге кошулганда университетти тандай алышат. Себеби, өлкөдөгү ЖОЖдордун сайттарында маалыматтар жетишсиз жана түшүнүксүз.

Амина Дарибекова, Казакстан студенттер альянсы төрагасынын биринчи орун басары:

- Мобилдик тиркеменин эң негизги өзгөчөлүгү – Холланд тести. Бул тест адамдын тигил же бул кесипке жөндөмдүүлүгүн аныктоого арналган. Башкача айтканда, абитуриент өзүнө жакын кесипти тандай алат. Тапшыруу акысыз.

Белгилей кетсек, долбоор Маалымат жана коомдук өнүктүрүү министрлиги грантынын негизинде ишке ашырылды. Мындан тышкары 53 тема боюнча мамлекеттик гранттар сунушталды. Алар адам укуктары, балдарды коргоо, гендердик теңчиликти өнүктүрүү, билим берүү, саламаттыкты сактоо, айлана-чөйрөнү коргоо, улуттук биримдикти чыңдоо сыяктуу түрдүү социалдык чөйрөлөрдө 15 багытты камтыйт.

Галым Курман, Жарандык демилгелерди колдоо борборунун башкарма төрагасынын милдетин аткаруучу:

- Жарандык демилгелерди колдоо борбору жарандык жигердүүлүктү шыктандыруу боюнча көптөгөн чараларды колго алууда. Гранттар 30 үй-бүлө саясатын өнүктүрүүгө багытталган. 600 миллион теңгеге жакын каражат каралган.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков