Ахмет Байтурсынов менен Роза Багланованын мааракесине арналган конверттер басылып чыкты

Ахмет Байтурсынов менен Роза Багланованын мааракесине арналган конверттер басылып чыкты

Кытайдын борборунда эки мааракеге – Ахмет Байтурсыновдун 150 жылдыгына жана Роза Багланованын 100 жылдыгына арналган мемориалдык конверттердин бет ачары өттү. Жаш муундарга казак тил илиминин жана адабият таануусунун негиздөөчүсү Ахмет Байтурсыновдун өмүрү жана чыгармачылыгы тууралуу айтылды. Майрамдык иш-чара концерттик программа менен коштолду.

Ду Мин, Эстелик конверттерди чыгарган компаниянын аткаруучу мүдүрү:

- Кытай менен Казак элинин ортосундагы достуктун бир нече миң жылдык тарыхы бар. Биздин кызматташтык көбүнчө маданий байланыштар менен мүнөздөлөт. Эстелик конверттерин тапшыруу жана алар аркылуу кытай жарандарын, анын ичинде биздин балдарды Казакстандын тарыхы жана бай маданияты менен тааныштыруу биз үчүн чоң сыймык. Ошентип, өлкөлөр ортосундагы достуктун тереңдешине салым кошобуз.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков