Мажилисте мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын жашоосун реабилитациялоону көздөгөн документ каралды

Мажилисте мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын жашоосун реабилитациялоону көздөгөн документ каралды

Өлкөдө автобустар жана таксилер ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды ташуу үчүн транспорт каражаттары менен жабдылышы керек. Эми таксопарктар ар бир он таксинин бирөө атайын ыңгайлаштырылган болушун камсыз кылышы зарыл. Ушул жана башка ченемдер мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын жашоосун реабилитациялоону караган жаңы документте каралган. Бир убакта 75 мыйзам актысына өзгөртүү киргизүү көздөлүүдө. Аларга төмөнкүлөр кирет: үчүнчү топтогу майыптарды нотариалдык кызмат көрсөтүүдөн бошотуу жана санаторийде дарылануу учурунда аларды коштоп жүргөн ата-энелеринин же мыйзамдуу өкүлдөрүнүн чыгымдарынын ордун толтуруу. Башкача айтканда, жол кире чыгымынын 70%ы  мамлекет тарабынан каржыланат.

Елнур Бейсенбаев, Парламент мажилисинин депутаты:

- Казакстандын үч облусунда гана, Нур-Султан шаарында, Павлодар жана Караганды облустарында алардын ата-энелерине уруксат берүү үчүн жергиликтүү бюджеттен каражат бөлүнгөн. Андыктан азыр мыйзамдарга мындай түзөтүүлөрдү киргизүү үчүн 5,9 миллиард теңге каражат бөлүнүп жатат. Алардын 5 миллиардга жакыны эми бул жарандардын жатакана, тамак-аш сыяктуу биринчи муктаждыктары республикалык бюджеттен төлөнөт.

Документ кабыл алынса, үч жылдан кийин 62 миңден ашык мүмкүнчүлүгү чектелген балдар жана алардын ата-энелери мамлекеттин эсебинен санаторияга чогуу барууга мүмкүнчүлүк алышат. Елнур Бейсенбаев ошондой эле Мажилистин пленардык жыйынында Казакстанда илдеттин ачык белгилери менен ооругандарды жыл сайын текшерүү токтотулаарын билдирди.

Елнур Бейсенбаев, Парламент мажилисинин депутаты:

- Медициналык диагнозу боюнча аныкталган адамдарды сырттан текшерүү тууралуу өзгөртүү киргиздик. Азырынча ага кирген нозологиялык оорулардын 12 түрү бар. Бул демилге президенттин тапшырмасы менен акыркы жарым жылдан бери пилоттук режимде ишке ашырылып келет. Эми аны мыйзам деңгээлинде бекиттик. Мындан ары бул оорулардын тизмесин көбөйтө алабыз, алар нормативдик-укуктук актылар менен жөнгө салынат.

Төмөнкү палатанын депутаттары мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырышты.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков