Шымкент инвестиция тартуу боюнча лидер

Шымкент инвестиция тартуу боюнча лидер

Шымкент 2021-жылы жана 2022-жылдын биринчи кварталында негизги капиталга инвестиция тартуу боюнча лидер болду. Бул аралыкта мегаполиске 462 миллиард теңгеден ашык инвестиция тартылганы тууралуу Казакстандын премьер-министринин расмий сайты жазды. Андан кийин Актөбө жана Костанай облустары турат. Аутсайдерлердин катарында Түндүк жана Батыш Казакстан, Кызылорда облустары бар. Мамлекеттик органдардын ичинен айыл чарба министрлиги инвестиция тартуу боюнча алдыңкы орунда. Мекеме планды 108% ашык аткарып, 893 миллиард теңге капитал тарткан. Андан кийин Индустрия жана инфраструктураны өнүктүрүү министрлиги менен Санариптик өнүктүрүү, инновациялар жана аэрокосмостук өнөр жай министрлиги турат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков