Павлодарда жаш өнөрпоздор чоң сахнада өнөр көрсөтүшөт

Павлодарда жаш өнөрпоздор чоң сахнада өнөр көрсөтүшөт

Павлодар облусунун таланттуу жаштары эми чоң сахнада кесипкөй артисттер менен бирге өнөр көрсөтө алат. Чыгармачыл топтор менен жаштардын биргелешкен иштери «Самга» долбоору алкагында ишке ашарылат. Анель Садуакасова кесипкөй музыкант болууну кыялданат. Ал ырчы болууну самаган жаштар үчүн бул уникалдуу мүмкүнчүлүк деп эсептейт.

Анел Садуакасова, музыкалык мектептин окуучусу:

- Филармониядагы үчүнчү репетициям. Мага абдан жакты. Кызыктуу. Билим алдым. Ийгиликке жетүү үчүн бул жерге келип жатам. Мен сахнага чыккым келет.

Анастасия Борисенко, музыкалык мектептин окуучусу:

- Кесипкөй музыканттар менен машыгуу биз үчүн эң сонун мүмкүнчүлүк. Филармония, артисттеринин турмушуна жигердүү аралашып жүрөбүз. Алдыда чоң концерттер турат. Маданий иш-чараларга катышуунун өзү тажрыйба.

Азыркы учурда филармонияда боло турган концертке кызуу даярдыктар көрүлүүдө. Жалпысынан быйылкы сезондо 10дон ашык биргелешкен концерттер уюштурулат.

Амангелди Кожанов, Иса Байзаков атындагы облусттук филармониянын мүдүрү:

- Аларды чоң сахнада тарбиялоо, тажрыйба топтоо боюнча ушундай чоң иштер жүрүп жатат. Жыйынтыгында жаштарды маданиятка тарбиялоо, экинчи максат профессионал музыкант болом дегендердин чоң сахнага чыгышына көмөк көрсөтүү.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков