Казакстанда курма, өрүк жана жаңгак өсө турган болот

Казакстанда курма, өрүк жана жаңгак өсө турган болот

Жакында түндүк Казакстанда курма, өрүк жана жаңгак өсө турган болот. Окумуштуулар алгач токойдо мөмө-жемиш өстүрүү боюнча тажрыйба жүргүзүп көрүшмөкчү. Тимур Звереченко жергиликтүү аймакка дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн атайын дарак уруктарын алып келген. Сорттор аймактын бир эле климаттык зонасында жайгашкан канадалык адистер менен биргеликте тандалып алынган.

Тимур Звереченко, Манаш Козыбаев атындагы университеттин доценти:

– Алардын ичинде кара жаңгак, таш жаңгак, майлуу жаңгактар бар. Көлөмү жагынан биздин Орто Азия курмаларынан кичирээк, бирок үшүккө чыдамдуу. Бул жемиш минус 40 градуска чыдайт. Катаал климатта өсүүчү фундуктун көптөгөн түрлөрү, манчжур өрүгүнүн жана башка да сорттору бар.

Окумуштуунун айтымында, бул эгиндер өлкөгө чоң пайда алып келет. Мисалы, кара жаңгак 6 жылдан кийин мөмө бере баштайт, ал эми бир куб метр жыгачтын баасы дүйнөлүк базардагы наркы 2,5 миллион теңгеге барабар. Тимур Звереченко токой чарбасын түзүп, талаалардын азык-түлүк өндүрүмдүүлүгүн арттырууну көздөп жатат.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков