Социалдык төлөмдөрдү индекссациялоого 110 миллиард теңге багытталат

Социалдык төлөмдөрдү индекссациялоого 110 миллиард теңге багытталат

Казакстан пенсия жана социалдык төлөмдөрдү индексациялоого 110 миллиард теңге бөлөт. Мындай чечим 2022-жылдын бюджетин тактоо учурунда кабыл алынды. Буга кошумча, Улуттук фонддон кепилденген трансферттердин көлөмү 4 триллион теңгеге чейин көбөйтүлөт. Мунайдын кымбатташына байланыштуу мамлекеттик казынанын кирешеси боюнча болжолдор да өзгөртүлдү. Анын орточо жылдык баасы 74 доллардын ордуна 90 доллар деп бекитилди. Ал эми коңшу мамлекеттердеги саясий кырдаалдын курчушуна байланыштуу республиканын жалпы экономикалык өсүүсү басаңдайт дешет серепчилер. Ал болжолдонгон 4%дан 2%ке чейин төмөндөйт.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков