Казакстанда ветеринария тармагында квалификациялуу жаш адистер жетишпейт

Казакстанда ветеринария тармагында квалификациялуу жаш адистер жетишпейт

Ветеринария тармагында квалификациялуу жаш кадрлар жетишсиз. Анткени айыл чарба тармагындагы эң аз айлык акы алган кесиптердин бири – ветеринарлар. Бул тууралуу айыл чарба министри Ербол Карашукеев Мажилисте өткөн өкмөттүк саатта билдирди. Министр белгилегендей, 2021-жылдын аяк оона айынын 1де өлкө Президенти «Элдин биримдиги жана системалык реформалар – өлкөнүн гүлдөп өнүгүүсүнүн бекем пайдубалы» аттуу элге кайрылуусунда ветеринария тармагын реформалоо боюнча конкреттүү милдеттерди коюп, жооптуу мекеме тарабынан зарыл болгон чаралар иштелип чыккан.

Ербол Карашукеев, Казакстандын айыл чарба министри:

– Азыркы заманга, коомдун тенденциясына ылайык акча таба албагандыгы, оор эмгек шарты, айыл жеринде инфраструктуранын өнүкпөгөндүгү жаш адистердин арасында ветеринардык кесиптин кызыксыз болушуна алып келди. Үстүбүздөгү жылдын чын куран айынын 1нен тарта мамлекет башчысынын тапшырмасына ылайык, мамлекеттик буйрутманы аткаруу үчүн тарифтерди издөөнүн эсебинен ветеринарлардын эмгек акысы республика боюнча орточо 33,4 пайызга жогорулады. Жыл аягына чейин аны 60 пайызга жеткирүү көздөлүп жатат.

Ошондой эле, ден соолук боюнча жөлөкпулдарды кызматтык маянадан 2 эседен кем эмес, ал эми кошумча төлөмдү кызматтык маянанын 50 пайыз өлчөмүнө көбөйтүү каралууда. Министрдин айтымында, бул ветеринардык кесиптин кадыр-баркын жана компетенттүүлүгүн жогорулатат. Белгилей кетсек, 2020-2021-окуу жылында республиканын жогорку окуу жайларын 1283 ветеринардык адис бүтүргөн. Министрлик жаңы реформага ылайык, келерки окуу жылынан тарта айыл жергесинде ветеринардык адистиктерге квота 70 пайызга чейин көбөйөрүн билдирди.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков