Казакстандык композитор Яков Хандын жаркын элесине

Казакстандык композитор Яков Хандын жаркын элесине

Түштүк Кореянын Кванжу шаарында казак композитору жана музыканты Яков Ханга арналган көргөзмө ачылды. КМШ корейлеринин маданий борборунда анын музыкасы жаңырып, сүрөттөрү жана архивдик документтери тартууланды. Яков Хан казак джазынын негиздөөчүлөрүнүн бири болгон. Ал биздин өлкөдө гана эмес, көптөгөн чет өлкөлөрдө да белгилүү. Узак убакыт Алматыдагы республикалык академиялык корей театрында иштеген. Композитор былтыр 77 жашында дүйнө салган.

Ким Бён Хак, кмш корейлеринин маданият борборунун директору:

– Биздин музей КМШдагы корейлердин 160 жылдык тарыхын тартуулайт. Ал эми белгилүү казак композитору Яков Хан тууралуу материалдар да көргөзмөгө коюлат. Бул көргөзмөнүн жардамы менен Корея эли Казакстандагы мекендештеринин турмушу менен кеңири тааныша алат. Белгилей кетсек, музыканттын урматына уюштурулган көргөзмө жыл аягына чейин уланат.