Павлодар облусунда археология мектеби кайрадан иштеп баштады

Павлодар облусунда археология мектеби кайрадан иштеп баштады

Тарыхты терең изилдеп, атактуу археологдордун сабактарына катышып, тажрыйба алмашуу. Мындай мүмкүнчүлүк Павлодар облусунун окуучуларына түзүлдү. Ошентип, аймактагы тарыхчылардын уландысы чыңдалып, жаш окумуштуулардын тобу калыптанат. Окуучулар Казакстандын тарыхын теориялык жактан гана окубастан, археологиянын негиздерин үйрөнүп, экспедицияларга катышышат.

Казбек Кендиров, окуучу:

- Келечекте тарыхчы болгум келет. Ошондой эле, археология тармагын изилдесем дейм. Археология, тарых тууралуу көптөгөн китеп жазгым келет.

Ульяна Забродина, окуучу:

- Мен байыркы адамдардын изи калган жайларды көргүм келет. Казуу иштерине катышып, археологдордон сабак алсам дейм. Ошон үчүн мектепке келдим.

Аймактын 6,5 миң жылдык тарыхы бар байыркы конуштары Аккулу районундагы Бөрли көлүнүн жанында жайгашкан. Окумуштуулар бул байыркы малчылар конушу болушу мүмкүн экендигин айтышат. Изилдөөчүлөр жаныбарлар бул аймакта колго үйрөтүлгөн деген пикирде. Окуучулар дал ушул жерде казуу иштерине катышышат.

Виктор Мерц, тарых илимдеринин кандидаты:

- Алгачкы казуу иштери Бөрли көлүндө жүргүзүлөт. Биз неолит жана коло доорундагы көрүстөндөрдү сактап калуу үчүн колдон келгендин баарын жасайбыз. Окуучулар да жардам беришет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков