Казакстанда «TourismKaz» мобилдик тиркемеси ишке кошулат

Казакстанда «TourismKaz» мобилдик тиркемеси ишке кошулат

Коопсуз өз демилгелүү туризм. Казакстандыктар жана өлкөнүн коноктору эми өздөрүнүн саякат маршрутун түзүп, өлкөнүн каалаган жерине, ал тургай эң алыскы жерлерине да бара алышат. Алар «TourismKaz» атайын мобилдик тиркемеси аркылуу үйдөн чыкпастан саякаттоо үчүн туристтик кызматтардын топтомун тандай алышат. Долбоор КазУУнун рекреациялык география жана туризм кафедрасынын башчысы Алия Актымбаеванын жетекчилиги астында ишке ашырылган.

Алия Актымбаева, долбоор жетекчиси:

- Биздин негизги идеябыз - ички туризмди өнүктүрүү жана кеңейтүү, аны таанытуу үчүн Казакстанга чет элдик туристтерди көбүрөөк тартуу. Ошондой эле, туристтерди жайгаштыруу, тамактануу жайларынын, алыскы жана айыл жергесиндеги саякат багыттарынын өнүгүшүн каалайбыз. Биздин жерибиздин кең жаратылышы айыл жеринде да бар экенин чет элдик меймандарыбыз көрсө дейбиз.

Долбоорду иштеп чыгуучулар Илим фондунун колдоосу менен идеяны жүзөгө ашырып, аны реалдуу жана суроо-талапка ээ онлайн сервиске айланта алышты.

Марат Пернекулов, «Илим фонду» АК долбоорлоо дирекциясынын башкаруучу мүдүрү:

- Бүгүнкү күндө Фондго Илим фондунан, Билим берүү жана илим министрлигинен 245 миллион теңге бөлүнүп, бүгүнкү күндө мамлекет экономиканын бардык тармактарын, анын ичинде туризмди жигердүү колдоого алып, каржылап келет. Азыркы учурда бул долбоор аяктоо алдында турат. Туризм рыногун ички туризмге кайра багыттоо башталды. Андыктан бул долбоор ички туризмди өнүктүрүүгө салым кошот.

Иштеп чыгуучулардын айтымында, тиркемени колдонуу оңой. Кызматтын издөө системасына маалыматтарды киргизгенден кийин бир нече секунддун ичинде экранда Казакстан боюнча ыңгайлуу жана эффективдүү саякат үчүн туристтик кызматтардын мыкты сунуштары көрсөтүлөт. Муну менен катар, бул жерде сын-пикирлерди окуп, жазууга болот. Ошондой эле, тандалган жердин жайгашкан жерин көрүүгө да болот. Эң жакшы баада ортомчуларсыз

туристтик маршрутту сатып алуу мүмкүнчүлүгү бар. Айта кетсек, тиркеме жакынкы убакта жеткиликтүү болот.

Которгон: Илгиз Жамалбеков