Айыл чарбачылыгын санариптештирүү тездетилет

Айыл чарбачылыгын санариптештирүү тездетилет

Казакстанда айыл чарба жерлерин санариптештирүү тездетилет. Бул тууралуу Сенатта айыл чарба министринин орун басары Баглан Бекбауов билдирди. Анын айтымында, учурда санариптештирүү үчүн агроөнөр жай комплекси жерлеринин 39 пайызы санариптештирилди. «Казакстан Космос сапары» улуттук компаниясы менен биргеликте иш алып баруунун жыйынтыгында калган 61 пайыз жер тилкесин пландалган 5 жылда эмес, 2 жылда өздөштүрүү көздөлгөн», - деди вице-министр. Жерди аралыктан изилдөө аркылуу 8,3 миллион гектарга жакын пайдаланылбаган участок аныкталып, 2,6 миллион гектар жайыт мамлекеттин менчигине кайтарылды.

Али Бектаев, Казакстандын Сенат Парламентинин депутаты:

- Мамлекет башчы Касым-Жомарт Кемелович Токаевдин улуттук биримдик жана системалык реформалар. Өлкөнүн гүлдөп-өнүгүшүнүн бекем негизи болгон Казакстан элине кайрылуусунда ал санариптештирүүнү, космостук мониторингди жана дистанциялык зонддоону кеңири колдонууга чакырды. Айыл чарбасын санариптештирүүнүн негизги милдети – өндүрүштүн өздүк наркын төмөндөтүү, анын сапатын жогорулатуу жана коррупциянын алдын алуу. Бул жаатта санариптик технологияларды киргизүүдө дүйнөлүк тажрыйбаны колдонуу аркылуу олуттуу экономикалык эффективдүүлүккө жетишүү. Жаңы технологиялар айыл чарба тармагын өзгөртөт, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачары талашсыз. Экономиканын өзөгү болгон агробизнести санариптештирүү аркылуу өлкөнүн кирешесин көбөйтүү маанилүү милдет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков