Казакстан Париждеги мода жумалыгында

Казакстан Париждеги мода жумалыгында

Франциянын баш калаасы жана Европанын башка өлкөлөрүнүн көргөзмө залдарында казакстандык кийимдер пайда болушу мүмкүн. Дизайнер Айдана Омарова Париждеги мода көргөзмөсүндө «Бакыттын түстөрү» коллекциясы менен өлкөнүн намысын коргоду. Тармактын адистеринин айтымында, Айдана өз коллекциясында чоң өлчөмдөгү кийимдер, неон түстөр жана өзгөчө формалар сыяктуу мода тенденцияларынын бардыгын максималдуу түрдө пайдаланган. Бул подиумда сунушталган кийимдер алдыдагы күз-кыш мезгилине ылайыкталган, дешет дүйнөлүк дизайнерлер.

Кеина, Стилист, Posture агенттигинин негиздөөчүсү:

- Анын Европада жана чет өлкөлөрдө өзгөчө орду бар деп эсептейм. Бул бренд бир нече маданиятты айкалыштыра алат, анткени бул жерден ар бир адам өзүнө ылайыктуу нерсени таба алат.

Марсела Сантамария, радио алып баруучусу:

- Учурда дизайнердин Instagram баракчасын карап жатам. Анын иши сонун, абдан кооз, таланттуу экен. Башка өлкөлөрдүн дизайнерлери ийгиликке жетүү үчүн Парижге келгенине кубанычтамын.

Которгон: Илгиз Жамалбеков