Нур-Султанда аяк оона айында дүйнөлүк диндер лидерлеринин VII курултайы өтөт

Нур-Султанда аяк оона айында дүйнөлүк диндер лидерлеринин VII курултайы өтөт

Быйыл күзүндө борбор калаада Дүйнөлүк жана салттуу диндер лидерлеринин VII курултайы өтөт. Кезектеги форумга 60тан ашуун өлкөнүн өкүлдөрү чогулуп, адамзаттын социалдык-руханий өнүгүүсүнө жана пандемиядан кийинки мезгилге байланышкан маселелерди талкуулашат. Бул тууралуу Конфессиялар аралык жана цивилизациялар аралык диалогду өнүктүрүү борборунун төрагасы Болат Сарсенбаев билдирди. Дин, тарбия жараяндары, аялдардын абалы жана экстремизмге каршы күрөшүү темалары өзүнчө бөлүмдөрдө талкууланат. Дүйнөлүк диндер лидерлеринин Казакстандагы салттуу жолугушуусу дүйнөдөгү беделдүү жана маанилүү окуя болуп саналат.

Болат Сарсенбаев, Конфессия аралык жана цивилизация аралык диалогду өнүктүрүү борборунун башкарма төрагасы:

- Учурда даярдык иштери жүрүп жатат. Съезддин мазмуну иштелүүдө. Анда сөз сүйлөй турган серепчилердин тизмеси түзүлүүдө. Беделдүү жыйынды натыйжалуу өткөрүү үчүн бардыгы кылдаттык менен иштелип чыгат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков