Түркестан облусунда экзотикалык жемиштер өнүм берди

Түркестан облусунда экзотикалык жемиштер өнүм берди

Түркестан облусунда лимон жемиши өнүм берди. Түштүк аймактын дыйкандары өлкөнүн климатына ыңгайсыз келген экзотикалык жемиштерди күнөсканада өстүрүшөт. Фермерлер күнөсканадагы аба температурасы менен нымдуулуктун деңгээлин тыкыр көзөмөлдөп турушат. Бул жерде өткөн сезондо 90 тонна өнүм жыйналган.

Абылайхан Косаев, багбан:

- Лимон нымдуулукту жакшы көрөт. Бул жерде ал 60-80%ды түзүшү керек. Жай күндөрү кыйыныраак болот. Кээде нымдуулукту сактап туруу үчүн өзүбүз суу чачабыз. Өз убагында сугарып туруш керек. Ал эми аны бутоо да өз убагында болушу абзел.

Түркестан облусунда 15 чарба кожолугу бадыраң менен помидорду ушул цитрус жемиштерине алмаштырды. Быйыл облуста лимон бактарын кеңейтүү мерчемделип жатат. Белгилей кетсек, даяр өнүм негизинен ички рынокко жиберилет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков