KEGOC компаниясында Борбордук Азияда жарыктын өчүү себеби айтылды

KEGOC компаниясында Борбордук Азияда жарыктын өчүү себеби айтылды

Казакстанда электр жарыгы Өзбекстандын Сырдарыя жылуулук электр станциясында кыска туташуунун кесепетинен өчүрүлгөн. Бул тууралуу KEGOC компаниясы маалымдады. Алардын айтымында, буга 6 энергоблоктун иштен чыгышы себеп болгон. Жоголгон генерациянын жалпы көлөмү 1500 МВтка жетти.

«Өзбекстандын энергосистемасында пайда болгон электр энергиясынын тартыштыгы Өзбекстан жана Кыргызстандын энергосистемалары менен катар иштеген Казакстандын энергосистемасынан электр энергиясынын уруксатсыз алынышына алып келди. Мунун натыйжасында Түштүк-Чыгыш Казакстандын түштүгү линиясына күч келген», - деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, үчтүн айынын 25де Казакстан, Өзбекстан жана Кыргызстанда жарык өчүрүлгөн. Натыйжада Алматы шаарынын жана өлкөнүн түштүк облустарынын тургундары электр жарыгысыз калышкан. Коңшу мамлекеттерде электр жарыгы таптакыр жок болду.

Которгон: Илгиз Жамалбеков