Агрардык өнөр жай комплексинин кайра иштетилген өнүмдүн экспорттук дараметин жогорулатуу

Агрардык өнөр жай комплексинин кайра иштетилген өнүмдүн экспорттук дараметин жогорулатуу

Казакстан агроөнөр жай комплексинин жалпы экспортундагы кайра иштетилген өнүмдүн үлүшүн 70%га чейин жеткирүүнү көздөп жатат. Учурда бул көрсөткүч болжол менен эки эсеге аз. Бул максатка жетүү үчүн тышкы атаандаштыкка жөндөмдүү айыл чарба өнүмдөрүн өндүрүүгө багытталган бир катар жаңы долбоорлор ишке ашырылууда. Маселен, өткөн жылы гана республикада эт, сүт, май жана буудай, макарон, дан эгиндерин өндүрүү боюнча бир нече өндүрүштүк кубаттуулуктар ишке киргизилди. Тиешелүү мекемелердин адистери жыл сайын мындай жаңы демилгелердин саны көбөйүп жатканын айтышат.

Мейирман Жумагулов, Казакстандын Айыл чарба министрлигинин кайра иштетүү жана айыл чарбачылыгы өнүм рыноктору департаментинин башкы серепчиси:

- Казакстанда 2025-жылга чейин агроөнөр жай комплекси тармагында бир катар инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу көздөлүүдө. 24 эт комбинатын, 20 сүт заводун, эки кант заводун жана бир жашылча-жемиш комбинатын, ошондой эле, бир данды кайра иштетүү боюнча ар биринен бирден ишкана ачып колдонууга берүү жана иштеп турган ишканаларды модернизациялоо мерчемделип жатат.

Бул багыттагы инвестициялык долбоорлорго келсек, 2025-жылга чейин 934 жаңы ишкананын өндүрүшү ишке киргизилет. Өткөн жылы өлкө боюнча 280ден ашык өндүрүш ишке киргизилсе, быйыл 300дөн ашык өндүрүштү кошуу мерчемделген.

Мейирман Жумагулов, Казакстандын Айыл чарба министрлигинин кайра иштетүү жана айыл чарбачылыгы өнүм рыноктору департаментинин башкы серепчиси:

- Жалпысынан бүгүнкү күндө инвестициялык долбоорлор тизмегине айыл чарба өнүмдөрүн кайра иштетүү боюнча жүзгө жакын ишканалар кирет. Бул жаңы долбоорлорду ишке ашыруу Казакстандын экономикасына оң таасирин тийгизип, кайра иштетилген өнүмдүн экспортун көбөйтөт, ошондой эле, импортко көз карандылык өнүмдөрдү азайтууга мүмкүндүк берет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков