Казакстандын кышкы олимпиада курамасы Бээжинде

Казакстандын кышкы олимпиада курамасы Бээжинде

Казакстандын Кышкы Олимпиада курама командасы Бээжинде. Алгачкы рейс менен коньки тебүү, фристайл-могул, шорт-трек, тоо лыжасы, лыжа менен секирүү жана лыжа жарыштары боюнча спортчулар учуп барышты. Ал эми башка өлкөдө финалды өткөрүп жаткан биатлон, лыжа жарыш жана акробатика боюнча командалар ал өлкөлөрдөн Кытайга барат. Бүгүнкү күндө өлкөгө 20га жакын өлкөдөн 400дөн ашык спортчу келди. Алар олимпиадалык кыштактарда жайгашууда. Белгилей кетсек, Олимпиада оту бирдин айынын 2де жагылат. Бээжинде өтүүчү турнирде өлкөнүн намысын 34 спортчу коргойт. Мелдешке бир жума калганда кыздар карантиндик аймакта машыгуудан өтүшкөн. Эми ал мелдеште эң жакшы натыйжаларды көрсөтөм деген үмүттө.

Адил Галиахмет, улуттук кураманын спортчусу:

- Машыгууларыбыз жакшы өттү. Баары ойдогудай. Бээжинде дагы машыгып, жакшы формада болобуз деп ойлойм.

Абзал Ажигалиев, улуттук кураманын спортчусу:

- Маанай абдан жакшы. Бул Олимпиаданы ар бир спортчу 4 жылдан бери күткөн. Мен да күттүм. Эми бул олимпиадада жакшы көрсөткүчтөрдү көрсөткөнгө аракет кылабыз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков