2021-жылы Казакстан менен Кытайдын ортосунда товар алмашуу 17 миллиард доллардан ашты

2021-жылы Казакстан менен Кытайдын ортосунда товар алмашуу 17 миллиард доллардан ашты

Казакстан Кытайга экспортту көбөйтүүнү көздөп жатат. Касым-Жомарт Токаев Борбор Азия-Кытай саммитинде белгилегендей, Казакстан Кытай Эл Республикасына жүктөрдү 135 пунктка көбөйтүүнү мерчемдеп жатат. Тактап айтканда, органикалык айыл чарба жана тамак-аш азыктарынын көлөмүн 1 миллиард доллардан ашык көбөйтүүгө болот. Өткөн жылы эки өлкөнүн ишкерлери 17 миллиард долларга соода жүргүзүшкөн. Ошол эле учурда, кытайлык инвесторлор Казакстан экономикасына 20 миллиард доллар инвестиция салышты. Тараптар «Бир алкак, бир жол» демилгесинин алкагында долбоорлорду иштеп чыгууну улантат. Транзиттик дараметти кеңейтүү маселеси да көңүл борборунда. Эске сала кетсек, Казакстандын аймагы аркылуу өткөн негизги коридорлор кытайлык өндүрүшчүлөргө кыска убакыттын ичинде Европанын, Жакынкы Чыгыштын жана КМШнын рынокторуна чыгууга мүмкүндүк берет. Ошол эле учурда, Казакстан Борбор Азиядагы кызматташтыкты тереңдетүүгө көңүл бурат. Казакстан аймактын өлкөлөрү менен чектеш аймактарда дүң жана агрардык борборлорду түзүүнү көздөөдө. Белгилей кетсек, 2021-жылы Казакстандын Борбор Азия өлкөлөрү менен соодасы 40 пайызга жакын өскөн.

Которгон: Илгиз Жамалбеков