Казакстанда жашаган Франция жараны өлкөдө болгон окуяларга байланыштуу пикирин билдирди

Казакстанда жашаган Франция жараны өлкөдө болгон окуяларга байланыштуу пикирин билдирди

Франциянын жараны Казакстанда орун алган акыркы окуяларды чагылдырган чет элдик маалымат каражаттарын сынга алды. Акыркы төрт жылдан бери өлкөдө жашаган учкуч Франсуа Камаррок француз медиасы кырдаалды коомчулукка такыр башка нукта жайылтып жатканын айтат. Анын сөздөрүнө ишенүүгө болот. Анткени ал Алматыдагы үчтүн айындагы окуяга өзү күбө болгон. Франсуа Камаррок ошондой эле казак аскерлери демонстранттарга ок чыгарбаганын айтты. Тынчтык акциясы катары башталган демонстрация чыныгы террордук чабуул менен аяктап, бейкүнөө адамдар жана коопсуздук күчтөрү курман болду. Ал ортодо чет элдик журналисттер эч кандай түшүндүрмөсүз жалган маалыматтарды таратып жатышат, деди Камаррок. Анын «YouTube»га жарыялаган жеке кайрылуусунда казакстандыктарга ыраазычылык билдирип, өлкөдөгү өзгөчө кырдаал учурунда эл чогулуп, бири-бирине жардам бергенин белгиледи. Ал ошондой эле казак эли кең пейил, маданияттуулугу менен өзгөчөлөнө тургандыгын белгиледи.

Франсуа Камаррок, учкуч:

- Мен Европанын жалган маалыматынан тажадым. Анткени алар туура эмес маалымат таратып жатышат. Маселен, кээ бир маалымат булактары Казакстанда полиция демонстранттарды өлтүргөнүн жазышууда. Бул жалган. Журналисттер эч нерседен кабарсыз, бул жерде чындап эмне болуп жатканын билишпейт. Менин билишимче, митингдер тынч башталды. Алардын арасында агрессивдүү түрдө адамдарды өлтүрө баштаган бир нече адамдар болду. Жөн гана эмес, ар кандай зордук-зомбулук менен өлтүрүштү. Алар биринчилерден болуп уурдалган курал менен полицияга ок атты. Албетте, аскерлер каршы турууга, элди коргоого мажбур болду.

Которгон: Илгиз Жамалбеков