«Казакстан калкына» фондуна 150 миллиард теңгеге чейин киреше түшөт

«Казакстан калкына» фондуна 150 миллиард теңгеге чейин киреше түшөт

«Казакстан калкына» фондуна 150 миллиард теңгеге чейин каражат түшөрү күтүлүүдө. Бул тууралуу аталган фонддун башкармалыгынын төрагасы Болат Жамишев билдирди. Ал белгилегендей, Фонд даректүү жардамга да, системалуу чараларга да ыкмаларды иштеп чыгат. Бул багыттагы бардык милдеттер аныкталат. «Казакстан калкына» уюмунун жетекчиси Болат Жамишев фонддун иши ачык болуп, акча түздөн-түз алуучуларга которула турганын дагы бир ирет белгиледи. Учурда бирдиктүү электрондук портал аркылуу 140 мамлекеттик уюм калктан кайрылууларды кабыл алууда.

Которгон: Илгиз Жамалбеков