Бээжиндеги олимпиада оту бирдин айынын 2де жагылат

Бээжиндеги олимпиада оту бирдин айынын 2де жагылат

Бээжинде Олимпиада оюндарынын ачылыш аземи бирдин айынын 2де болот. Олимпиадалык факел 12 жерди жана дүйнөлүк мелдештердин үч негизги стадионун кыдырат. Бул Кытайдын борбору, Яньцин округу жана Хэбэй провинциясындагы Чжанцзякоу шаары. Эл аралык оюндардын символун 50 факелчи көтөрүп чыгат. Эске салсак, Олимпиада оту тогуздун айынын 20да Афинадан түз эле Кытайга жеткирилген. Бүйүр кызыткан оюндарды түз эфирде жергиликтүү тургундар жана материктеги күйөрмандар гана көрө алышат. Буга чейин бул жолку мелдеш чет элдик көрүүчүлөрсүз өтөөрү маалымдалган. Оюндардын өзү бирдин айынын 4дө башталып, 20сына чейин уланат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков