Түркстан облусунда жазгы талаа иштери мөөнөтүнөн мурда башталды

Түркстан облусунда жазгы талаа иштери мөөнөтүнөн мурда башталды

Түркстан облусунда жазгы талаа иштери мөөнөтүнөн мурда башталды. Бул жылуу климаттын себебинен: Өлкөнүн түштүгүндөгү Жетисай аймагында аба ырайынын көрсөткүчү +10 болууда. Дыйкандар капустаны эрте айдашат. Биринчи түшүмдү жазында алуу мерчемделүүдө.

Сапарары Усенов, Жетисай районунун тургуну:

- Мен 5 гектар жерге капуста айдадым, былтыркыдай эле 300 тонна түшүм алууну көздөп жатам. Бул капустанын өзгөчө сорттору - пандион жана заризма. Алар суукка чыдамдуу келет.

Жетисай районунда ак капуста үчүн мин гектардан ашык аянт бөлүнгөн. Жашылча жана дан эгиндеринин жалпы аянты 78 мин гектардан ашат. Райондо биринчилерден болуп жергиликтүү дыйкандар себүү иштерин башташты. Буга чейин облуста жазгы талаа иштери бирдин айынын орто ченинде гана башталчу.

Алибек Плалов, облусттук Айыл чарба башкармалыгынын бөлүм башчысы:

- Азыр эгин себүү өнөктүгүнө даярдык көрүп жатабыз. Дизелдик отундун керектүү көлөмү эсептелинген. Мындан тышкары, дыйкандарга минералдык жер семирткичтерди сатып алуу үчүн 4,5 миллиард теңге субсидия бөлүү көздөлүүдө.

Айта кетсек, Түркстан облусунда бир нече жылдан бери жылына 3 түшүм алууга мүмкүндүк берүүчү технологияны өздөштүрүп келишет. Бир райондо дыйкандар кышында капуста, жазында картошка, жайында бадыраң, помидор айдашат. Мөмө-жемиштерди жыл бою жыйнап алууга мүмкүнчүлүк бар. Натыйжада түшүмдүн көлөмү көбөйүүдө, ага жараша дыйкандардын кирешеси артууда.

Которгон: Илгиз Жамалбеков