Казакстанда окуучулардын 40 пайызы аралыктан окушат

Казакстанда окуучулардын 40 пайызы аралыктан окушат

Өлкөдө окуучулардын жарымына жакыны үчүнчү чейректеги сабактарын аралыктан улантат. Бул негизинен Нур-Султан, Алматы жана Шымкент сыяктуу ири шаарлардагы билим берүү мекемелерине тиешелүү. Мындан тышкары, өлкөнүн башка аймактарындагы 600дөн ашык окуучусу бар мектептер онлайн форматка өтүшү керек. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин Мектепке чейинки жана орто билим берүү комитетинин төрайымы Гүлмира Каримова билдирди. Бул эреже бир жарым миллионго жакын окуучуга тиешелүү. Ал эми 1-2-класстын окуучулары алардын жаш курагын эске алуу менен мектепке келип окушат. 3-5-класстын окуучулары нөөмөтчү топ түрүндө билим алат. Ал эми эки миллиондон ашык окуучулар үчүн окуу штаттык негизде жүргүзүлөт. Башкача айтканда, айыл жерлеринде же 600дөн аз окуучусу бар билим берүү мекемелеринде окутуу оффлайн режиминде болот. Андагы Санитардык талаптар бекем сакталыш керек. Дистанттык окутууга тиешелүү техникалык мүмкүнчүлүктөр мүмкүн болушунча каралды.

Гүлмира Каримова, Казакстандын Билим жана илим министрлигинин Мектепке чейинки жана орто билим берүү комитетинин төрайымы:

- Мектептен тышкаркы уюмдарда окуучулар сүрөт тартуу жана музыка менен алектенишет. Мындай уюмдар үчүн иш 10 балага чектелген топтордо жекече жүргүзүлөт жана бул жерде штаттык формат сакталат. Биздин тармакта атайын мекемелер, уюмдар бар. Мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн тренинг уюштурулат. Жалпы өлкөдө 160 миңден ашык окуучулар бар. Бул окуучулардын иши дайыма бир бала же эки-үч бала менен жекече жүргүзүлөт. Бул учурда сегиз баладан ашпаган шартта аталган иш кадимки штаттык режимде жүргүзүлөт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков