Серепчи пикири: өлкөдөгү реформаларды жүзөгө ашырууга калк салым кошуу керек

Серепчи пикири: өлкөдөгү реформаларды жүзөгө ашырууга калк салым кошуу керек

Президент жарыялаган реформаларды ишке ашыруу мамлекеттик аппаратка гана эмес, Казакстандын ар бир жаранына да түздөн-түз тиешелүү. Ата мекендик серепчи Ерик Батырхановдун айтымында, мамлекет менен коомдун ортосундагы мамилени бир ыңгайга келтирүү үчүн саясий модернизациянын жаңы багыты аныкталат. Башкача айтканда, бардык реформалар коом менен биргеликте жүргүзүлөт. Бул жаңы өкмөттүн жоопкерчилиги жана ар бир жарандын бирдиктүү позициясы болушу керек. Президент аталган партиялардын ортосундагы байланыш көпүрөсүн бекемдөө боюнча комплекстүү чараларды көрүүнү тапшырды.

Ерик Батырханов, серепчи:

- Эл жаңы бийликти өтө татаал маселени кандай чечип жатат деп сындабай, жаркын келечекти түзүү үчүн жасалып жаткан жакшы иштерге салым кошуп, бириге турган убакыт келди. Бирикмелер, бизнес, коомдук пикирдин лидерлери, коомдук кеңештер менен улуттук коомдук ишеним кеңешинин мүчөлөрү, ЖМК жана бардык жарандык коом четте калбай жаңы Казакстандын түзүлүшүнө катышууга тийиш.

Которгон: Илгиз Жамалбеков