УКК: Казакстанда абал турукташып келүүдө

УКК: Казакстанда абал турукташып келүүдө

Казакстанда акыркы суткада коркунучтуу-деструктивдүү аракеттер катталган жок. Жалпысынан өлкөдө абал турукташып келе жатат. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Ермек Сагымбаев Касым-Жомарт Токаевдин төрагалыгы алдында өтүп жаткан штабдын кезектеги жыйынында билдирди. Ал белгилегендей, бардык күч түзүмдөрү антитеррордук операциянын алкагында ыкчам иш-чараларды улантууда. Башкы прокурор антитеррордук операция башталгандан бери 412 кылмыш иши козголгонун билдирди. Алардын арасында теракт жана адам өлтүрүү фактылары боюнча сотко чейинки тергөө иштери бар, дейт ал. Кошумчалай кетсек, өткөн суткада 11 калктуу-конуштагы өткөрмө бекеттерде 38 адам кармалган. Алардын 23үнөн ок атуучу куралдар жана ок-дарылар табылган. Учурда Улуттук коопсуздук комитети Чек ара кызматы менен биргеликте аскердик авиациянын жардамы менен тоолуу аймактарда чалгындоо жана издөө иштерин жүргүзүүдө. Жолугушуунун жыйынтыгында мамлекет башчысы өлкөдө коомдук тартипти жана коопсуздукту калыбына келтирүү боюнча жигердүү иштерди улантуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Которгон: Илгиз Жамалбеков