Башалмандыкка катышы бар делген шектүү менен Ички иштер органдарына 9900 адам жеткирилди

Башалмандыкка катышы бар делген шектүү менен Ички иштер органдарына 9900 адам жеткирилди

Козголоңго катыштыгы бар деген шек менен 10 миңдей адам кармалды. Ички иштер министрлигинин ыкчам штабынын маалыматы боюнча, укук коргоо органдарына 9 миң 900 адам жеткирилген. Алматыда 1237 адам полиция тарабынан колго түшүрүлдү. Жалпысынан 31 курал жана 1428 даана ок-дарылар алынган. Мындан тышкары, өткөрүү пункттарынан 38 адам кармалган. Тараз шаарында жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө полиция кызматкерлери тарабынан Макаров тапанчасы, ок-дарылар, бронь жана ТОЗ-35 үлгүсүндөгү пневматикалык тапанча алынган.

Которгон: Илгиз Жамалбеков