Энергетика тармагы штаттык режимде иштеп жатат

Энергетика тармагы штаттык режимде иштеп жатат

Өлкөдө мунай жана газ өндүрүү токтотулган жок. Үч мунай кайра иштетүүчү завод штаттык режимде иштеп жатат. Бул тууралуу энергетика министри Магзум Мырзагалиев билдирди. Анын айтымында, транспорттук чектөөлөрдөн улам гана Теңиз кенинде өндүрүш көлөмү азайган. Ошондой эле айрым аймактардагы май куюучу жайларда газ сатууга убактылуу чектөөлөр киргизилген. Бүгүнкү күндө күйүүчү май менен дизелдик отундун калдыктары 20 күндүк керектөөнү жабдууга жетет.

Магзум Мырзагалиев, КРнын Энергетика министри:

- Кырдаалдын турукташканын эске алуу менен май куюучу жайлардын ээлери суюлтулган газды сатууну кайра жандандырууда. Белгилүү болгондой, президенттин тапшырмасына ылайык, чекене баалар литрине 50-75 теңгеге арзандады. Чакан жана орто бизнестин чыгымдарын калыбына келтирүү үчүн алар өндүрүүчүлөр менен арзандатылган баада келишимдерди кайра түзүшөт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков