2022-жылы TiJi жана Nickelodeon каналынын мультфильмдери казакча сүйлөйт

2022-жылы TiJi жана Nickelodeon каналынын мультфильмдери казакча сүйлөйт

Деңиз жылдызы Патрик, төрт чарчы Шым, өрт өчүргүч Сэм. Жакында белгилүү анимациялык каармандар казакча сүйлөшөт. TiJi жана Nickelodeon каналдары келерки жылы казак тилинде 675 саат эфирге чыгат. Алгачкы берүү үчтүн айына мерчемделип жатат.

Болат Тлепов, РКнын Маалымат жана коомдук өнүктүрүү вице-министри:

- Жалпысынан 2 телеканалдын 675 саат котормосуна мамлекеттик бюджеттен 570 миллион теңге каражат бөлүндү. Бул каражаттар биринчиден, өнүмдү которуу менен гана чектелбестен, чыгармачылык жана көркөм баалуулукка ээ. Nickelodeon биздин пландан тышкары 200 саат кошуп жатат.

Мультфильмдерди дубляждоо «Казакфильмде» жүргүзүлүүдө. Дубляжды аткарган актёрлор чет элдик компаниялар тарабынан атайын кастингден өткөн. Чет элдиктер дубляждан кийин чыгармалардын ар бир сериясын казак тилине ылайыктап, кайра иштеп чыгышат. Казак тилине которууда жаш муундун кызыгуусун жараткан дүйнөгө белгилүү мультфильмдерге артыкчылык берилди. Ар бир материал кылдаттык менен текшерилип, котормонун сапатына өзгөчө көңүл буруларын адистер айтышат.

Арууана Серикбаева, Ш. Айманов атындагы «Казакфильм» АК өндүрүш кызматынын башчысы

- 11 мультфильмди дубляж кылып жатабыз: алар чупи жана дуду, робокар поли, супер желмогуздар, жомоктор, лиза жана тёма. Тиджи боюнча иштердин 80% бүттү. 9 сериясы толук дубляждалып, жөнөтөбүз. Спанч боб сериясынын 265 сериясын дубляж кылып жатабыз. Учурда иштин 80 пайызы даяр. Бештин айынын аягына чейин толук ишибизди аяктап, жиберебиз.

Белгилей кетсек, Nickelodeon каналы 70 өлкөдө 22 тилде, ал эми TiJi 20 өлкөдө 14 тилде кабар таркатат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков