Мамлекеттик кызматтарды санариптештирүү

Мамлекеттик кызматтарды санариптештирүү

Салык кызматтары eGov мобилдик жана банктык тиркемелерине өткөрүлүп жатат. Бул тууралуу Мажилисте өткөн өкмөттүк саатта каржы министри Эрулан Жамаубаев билдирди. Анын айтымында, маалымат базаларын интеграциялоо жарандардын жана ишканалардын көйгөйлөрүн чечип, чыгымдарды үнөмдөйт. Учурда Каржы министрлиги көрсөткөн мамлекеттик кызматтардын 92%ы электрондук түрдө жеткиликтүү. Бул жаатта үстүбүздөгү жылдын 11 айында келип түшкөн арыздардын 97%дан ашыгы аралыктан кабыл алынган. Алардын көбү салык жана бажы багыттарына тиешелүү. Буга байланыштуу 10 өткөрүү пунктун реконструкциялоо иштери башталды. Министрдин айтымында, 2024-жылга чейин аталган чек ара бекеттери санарипке өткөрүлөт. Жалпысынан санариптик трансформация тармактын бардык тармактарын камтыйт. Ал 5 принципке негизделген. Бул жараянга киргизиле турган жаңы технологиялык чечимдер жарандар үчүн эң ыңгайлуу жана жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган.

Ерулан Жамаубаев, РКнын Каржы министри:

- Финансы министрлиги салыктык жана бажылык башкарууну андан ары өркүндөтүүнү жана санариптештирүүнү улантат. Бул албетте, комплекстүү чараларды ишке ашыруу менен байланыштуу. Биринчиден, тобокелдиктерди башкаруу системасында жасалма интеллектти колдонуу адам факторун болтурбоого жана бюджеттин кирешесин көбөйтүүгө мүмкүндүк берет. Андыктан жасалма интеллектти өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулат. Экинчиден, ири салык төлөөчүлөрдүн Горизонталдык мониторинг долбоорун мүмкүн болушунча кеңейтүү.

Которгон: Илгиз Жамалбеков