«Жаркын келечектин жаркын башталышы» көргөзмөсү

«Жаркын келечектин жаркын башталышы» көргөзмөсү

«Жаркын келечектин жаркын башталышы». Борбор калаада Казакстандын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына жана өлкөнүн Туңгуч Президентинин күнүнө арналган уникалдуу экспозиция ачылды. Көргөзмө менен аталган чыгарма иш-чаранын негизги символу болду. Ал белгилүү казак жана совет сүрөтчүсү Николай Третьяковдун 1960-жылы жазылган эмгеги. Кылкалем чебери анда өлкөнүн №8 кесиптик-техникалык лицейинин келечектүү бүтүрүүчүсү Нурсултан Назарбаевдин Алматы облусунун Шамалган айылындагы туугандары жана жердештери менен жолугушуусун чагылдырат. Уникалдуу чыгарманын жаралышына өлкөнүн биринчи жетекчисинин зор жетишкендиктери тууралуу «Дзержинец» гезитинде жарыяланган макала түрткү болгон. Көргөзмөдө Эл Башынын өмүрүн жана ишмердүүлүгүн чагылдырган сүрөт жана фото документтер сунушталды.

Арыстанбек Мұхамедиулы, РКнын Улуттук музейинин мүдүрү:

- Сүрөтчү бул картинаны жазганда ага «Улуу жолдун башында» деген өзгөчө аталыш берилген эле. Анда жаш студент өзүнүн жетишкендиктери тууралуу жердештери менен бөлушүп, жаш адистин мындай чоң карьерасынын башталышы деп баалап, Эл Башынын келечегин алдын ала айткандай болду. Третьяковдун керемет чыгармачылыгына жаңы дем, жаңы өмүр бере ала тургандыгыбыз биз үчүн зор сыймык.

Которгон: Илгиз Жамалбеков