Көз карандысыздык жылдары «Болашак» программасы менен 14 миңден ашык адам билим алды

Көз карандысыздык жылдары «Болашак» программасы менен 14 миңден ашык адам билим алды

Казакстан жаштарына арналган «Болашак» программасына быйыл 28 жыл толду. Бул жылдар аралыгында 14 миңден ашык адам аталган долбоордун стипендианты аталган. Эл аралык программалар борборунун мүдүрү Айнур Карибозова каналга берген эксклюзивдүү маегинде «Болашак» программасынын бүтүрүүчүлөрү кайда экенин жана ээлеген кызматтары тууралуу айтып берди.

Айнур Карибозова, эл аралык программалар борборунун мүдүрү:

- Алардын 50 пайыздан ашыгы гуманитардык жана коомдук багытта билим алгандар, 30 пайыздан ашыгы инженердик-техникалык илимдер боюнча, ал эми 7,8 пайызы медицина жана саламаттык сактоо тармагында билим алгандар, 2 пайыздан азы чыгармачылык искусство боюнча билим алгандар. Бүгүнкү күндө «Болашак» программасынын бүтүрүүчүлөрүнүн басымдуу бөлүгү же 50 пайыздан ашыгы мамлекеттик мекемелерде, 30 пайыздан ашыгы жеке сектордогу компанияларда кызмат кылууда, 15 пайызы Казакстанда чет элдик компанияларда жана эл аралык уюмдардын өкүлчүлүгүндө иштейт. Ал эми бүтүрүүчүлөрдүн 2 пайызы учурда улуттук компанияларда эмгектенип жатышат.

«Болашак» программасынын алгачкы бүтүрүүчүлөрүнүн бири, ата мекендик кардиохирург Дмитрий Горбуновдун айтымында, бул программа мындан 28 жыл мурун Казакстандын келечеги үчүн маанилүү болсо, азыр да ошондой керек. Анткени ошол жылдары чет өлкөдөн билим алган студенттер өлкөнүн келечегин калыптандырууга салым кошкон, бүгүнкү күндө мамлекет анын үзүрүн көрүп жатат.

Дмитрий Горбунов, кардиохирург:

- Чет өлкөдө окуп жүргөндө биз европалык клиникаларды көрдүк, ал жакта такшалуудан өттүк. Биз Европанын эң мыкты клиникаларында шарттын кандай тузүлгөндүгүн көрдүк. Ал эми өлкөгө кайтып келгенден кийин биздин өлкөдө да ушундай абал болушун кааладык. Ошондуктан, биз Казакстанда саламаттык сактоонун мурда өнүкпөгөн айрым тармактарын өнүктүрүүгө кириштик. Ошентип кесиптештерибиз менен бирге биринчи балдар кардиохирургия бөлүмүн ачтык, андан соң жаңы төрөлгөн ымыркайлардын кардиохирургиясын ачтык. Албетте, «Болашак» программасы болбосо аны ишке ашыруу алда канча кыйын болмок.

Эл аралык программалар борборунун изилдөөлөрү боюнча, эгемендүүлүк жылдарында Болашак студенттердин катышуусунда орто эсеп менен 213 миң медициналык операция жасалып, 145 миң окуучу жана студент билим алып, миңден ашык илимий эмгектер жарык көргөн. Ошондой эле, 90 миңден ашык балага насаатчылык кылып, эмгекке тарбияланды. Белгилей кетсек, Казакстандын брендине айланган «Болашак» эл аралык стипендиясы өлкөнүн Туңгуч Президенти – Эл Башы Нурсултан Назарбаев тарабынан демилгеленген.

Которгон: Илгиз Жамалбеков