Нур-Султанда «Алпамыс» улуттук операсынын бет ачары өтөт

Нур-Султанда «Алпамыс» улуттук операсынын бет ачары өтөт

Өлкө эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына өзгөчө белек. Өнөр сүйүүчүлөр коомунун кулагына күмүш сырга. Отуз жылдан кийин Алпамыс кайрадан сахнага чыкты. Композитор Еркегали Рахмадиев улуттук эпосту биринчи жолу 1974-жылы опера тилинде сүйлөткөн. «Астана Опера» жамааты бышыктап жаткан бүгүнкү версиясы мурдагыдан башкача болмокчу. Жаңы мүнөздөгү спектакль заманбап техникалык ыкмалар менен өзгөртүлгөн. Кеңири декорация, сахнанын жасалгасы, канаттуулардын үнү, токой, суу жана башка колдонулган жандуу табигый кубулуштар көрүүчүлөргө өзгөчө таасир калтырат. Ал фантастикалык стилдеги укмуштуу сахналык көрүнүштөрү бар толук метраждуу тасма түрүндө сунушталат. Премьеранын стили орусиялык режиссёр Юрий Александровдун көз карашынан айырмаланганы менен, мазмуну бирдей. Бир калыпта сакталып келген улуттук баалуулуктарды даңазалоо, жаштарды патриоттук сезимге тарбиялоо максаты камтылган.

Юрий Александров, коюучу режиссёр:

- Артисттерге жана мага коюлган негизги талап – көрүүчүлөр тасма катары кабыл алышы үчүн спектаклди бир демде кармап туруу болду. Бул үчүн салттуу операны жөнөкөйлөштүрүүгө туура келди. Негизги идеясы жана музыкасы толугу менен сакталды. Көрүүчүлөр ордунан козголбой, сахнада болуп жаткан окуядан көңүлүн бурдурбаш үчүн мүмкүн болушунча таасирдүү кылууга аракет кылдык.

Расул Жармагамбетов, Алпамыс батыр партиясын аткаруучу:

- Бул ролго эки ай убакыт даярдандым. Алпамыс деген - бул баатыр. Ар бир казак баласынын канында генетикалык түрдө баатырдын каны бар деп ойлойм. Ошондуктан Алпамыстын ролун ойногон кезде ошол ойду, ушундай бир максатты көздөп ошол ой менен даярдандым.

Которгон: Илгиз Жамалбеков