Кыш мезгилинде балдар жаркатынын алдын алуу боюнча адистердин кеңеши

Жыгылып калуудан корккон - үйдөн чыкпайт. Бирок, азыркы карбалас дүйнөдө адамдар ары-бери агылып ар дайым шашып жүрүшөт. Айрыкча, кыштын кыраан чилдесинде шашам деп, абайлабай тайып кулап, жыл сайын жүздөгөн адам ооруканага кайрылат. Өзгөчө кыш мезгилинде көчөдө ойногон балдар ар кандай деңгээлде жаракат алышат.

Адистердин айтымында, кыш мезгилинде жыгылып, жаракат алган балдардын көпчүлүгү чана тээп, лыжа же коньки тебе албагандыктан келип чыгат. Көпчүлүк учурларда коопсуздук эрежелери сакталбайт. Мындай терс жагдайларды болтурбоо үчүн адистер улууларга этият болуш керек деген кеңеш беришет.

КУАНЫШ АЛИМБЕТОВ, РКНЫН ССМНЫН КООМДУК САЛАМАТТЫКТЫ САКТОО УЛУТТУК БОРБОРУ ДЕПАРТАМЕНТИНИН БАШКЫ АДИСИ:

 - Кар оюндары жөнүндө айта турган болсок, эң биринчиден, баланын кийими жана ага керектүү шаймандар кылдаттык менен даярдалып, жакшы тандалганы маанилүү. Ал баланын жашына туура келиши керек. Буга көңүл буруу зарыл. Лыжа тебүүдөн же муз тебүүдөн мурун, анын бекем бекитилгендигин көңүлгө алуу керек. Ал эми чана тебүүдө аларды бири-бирине туташтыруу кооптуу экендигин түшүндүрүү кажет. Мындай учурда, бири оодарылып кетсе, артынан баарын кулатышы мүмкүн.

Суук мезгилдин көк жылгаягы менен катар ызгаардуу сууктар да өтө кооптуу. Арка менен Түндүктүн ызгаардуу суугунда сыртта көпкө турууга болбойт. Адистердин айтымында, температура нөлдөн бир аз төмөндөсө эле денени үшүк алышы толук мүмкүн. Кышында аба ырайы нымдуу болот. Андыктан жылуу кийинип жүргөн жакшы.

КУАНЫШ АЛИМБЕТОВ, РКНЫН ССМНЫН КООМДУК САЛАМАТТЫКТЫ САКТОО УЛУТТУК БОРБОРУ ДЕПАРТАМЕНТИНИН БАШКЫ АДИСИ:

 - Кышында аба ырайы кескин өзгөрүп турат. Көбүнчө алдамчы болот. Күн ачык болуп турса дагы, кыштын аты кыш болгондуктан, аба ырайын көзөмөлгө алуу керек. Ага жараша кийинген туура. Айрыкча балага көңүл буруп, анын кийимине өтө жоопкерчиликтүү мамиле кылуу кажет. Билектери менен мурду ачык болбошу керек. Тоңуп калбоо үчүн денени жабык кармоо зарыл.

Ошондой эле, адистер балдарга ачык түстөгү түстүү кийимдерди кийүү жакшы деген кеңеш беришет. Кышында күн эрте батат. Жол жөө жүргүнчүлөр үчүн гана эмес, айдоочулар үчүн да тайгак болот. Андыктан ар бир адам этият болушу маанилүү.