«Абайдын кара сөздөрү» тасмасын тартуу иштери аяктады

«Абайдын кара сөздөрү» тасмасын тартуу иштери аяктады

Улуу Абайдын өрнөктүү мурасы дагы бир көркөм чыгармага негиз болду. Өлкөдө «Абайдын кара сөздөрү» тасмасын тартуу иштери аяктады. Учурда графикалык иштердин жана түстөрдү оңдоонун акыркы учурлары жүрүп жатат. Анын желеси он беш мисалдан жана философиялык трактаттардан турат. Кинодолбоордо казак акыны-реформатору жана философунун фундаменталдык чыгармасынын ажырагыс баалуулугун жаңыча ачып берген татаал режиссёрдук чечимдер колдонулган. Башкы каармандарды Казакстандын эмгек сиңирген артисттери Тунгышбай Жаманкулов, Жан Байжанбаев, Эрик Жолжаксынов, Нурлан Алимжанов, Аружан Жазылбекова, Берик Айтжанов, Аян Отепберген жана башкалар ойношкон. Казак, орус жана англис тилдеринде чыга турган тасма ачык интернет аянтчаларында жарыяланып, дүйнөлүк телеканалдар аркылуу эфирден көрсөтүлөт деп макулдашылган.

Которгон: Илгиз Жамалбеков