Павлодарда студенттердин ойлоп табуулары тааныштырылды

Павлодарда студенттердин ойлоп табуулары тааныштырылды

Павлодардык студенттер бир катар социалдык жана дүйнөлүк экологиялык көйгөйлөрдү чечүүгө катышат. Алардын бир нече иштеп чыгуулары чоң суроо-талапка ээ болуп жатат. Азыр жаш ойлоп табуучулар химик-окумуштуулар менен биргеликте, курамында сымап бар топуракты тазалоонун технологиясын текшерүүдө. Сыноо иштери Былкылдак көлүнүн жээгинде өткөрүлдү.

Александр Свидерский, университеттин химиялык факултетинин деканы:

- Келерки жылы биз масштабдуу сыноолорду өткөрөбүз. Былкылдак көлүнүн экологиялык көйгөйлөрү тынчсыздандырат. Бизге андай акчаны эч ким бербейт, демеркуризация үчүн миллиарддаган теңгелер керек.

Студенттер карыларга да өз алдынча жардам берүүнү көздөшкөн. Алар улгайган адамдарга смартфондорду, гаджеттерди жана компьютерлерди колдонууну үйрөтүү үчүн интерактивдүү курстарды уюштурушту.

Егор Прохоров, студент:

- Пенсионерлер электрондук өкмөт порталын, банктык тиркемелерди жана Microsoft офис программаларын өздөштүрүүнү каалашат. Сабаттуулук курстарына келгендердин саны артууда. Колдон келишинче колдоого аракет кылып жатабыз.

Студенттер чоң үмүт арткан кийинки долбоор робот-промоутерлер. Нано-өнүм сатып алуучулардын көңүлүн бурат жана айрым учурларда сатуучу катары да кызмат кылат. Алар кийим дүкөндөрүндө колдонууга арналган. Студенттер азыр өздөрүнүн стартаптарын коммерциялаштырууга аракет кылып жатышат. Ал эми инвестиция пайда болгон учурда ойлоп табуу функционалдуулугун кеңейтүү менен прототипти жаңыртмакчы.

Константин Слесаренко, студент:

- Албетте, классикалык манекендер бар. Бирок алар жарнак менен алектенишпейт жана керектөөчүлөрдү дайыма эле канааттандыра бербейт. Ал эми электро манекен промоутер катары иштей алат. Эч кандай жумушчу күчү керек эмес. Учурда коомдук тамактануу жайларында бир нече промоутер ишке кошулуп, иштеп жатат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков