Нур-Султанда байыркы кол жазмалар сунушталды

Нур-Султанда байыркы кол жазмалар сунушталды

Улуу талаанын жазма мурасы борбор калаада. Улуттук кол жазмалар жана сейрек кездешүүчү китептер борборунда ыйык Түркестандын 60ка жакын уникалдуу экспонаттары коюлган көчмө көргөзмө ачылды. Анда «Азирет Султан» мамлекеттик тарыхый-маданий корук-музейинин фондунда көптөн бери чогултулган байыркы жазуулар коюлган. Келген коноктор байыртан бери сакталып келе жаткан Куранды жана 19-кылымда кайра жазылган Кожа Ахмед Яссави, Сулейман Бакыргани сыяктуу белгилүү аалымдардын эмгектерин көрө алышат. Ошондой эле, мында 37 жазма эстелик, 15 касиеттүү Курани Карим аяттары, китеп койгучтар, тасбихтер жана шамдарды көрүүгө болот. Агартуучулук көргөзмөсү алдыдагы эки майрамга – Туңгуч Президенттин күнүнө жана Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына арналган. Көргөзмө бештин айынын 30на чейин акысыз иштейт.

Ерсин Тажибаев, «Азирет Султан» мамлекеттик тарыхый-маданий корук-музейинин мүдүрү:

- Борборго Түркестандан келип олтурабыз. Көргөзмөбүздүн аталышы Улуу талаанын жазма мурасы. Бул темада көптөгөн көргөзмөлөрдү өткөрүүнү мерчемдөөдөбүз. Бул биринчи кадамды борбордон баштап жатабыз. Жалпысынан көргөзмөдө 25 миңден ашык экспонат бар. Бул өлкөдөгү эң чоң фундаменталдык музей.

Жандос Болдыков, РКнын Улуттук кол жазмалар жана сейрек китептер борборунун мүдүрү:

- Азирет Султан музейинде байыркы булактар – байыркы китептер, тамыры терең баалуу кол жазмалар сакталып турат. Көргөзмөдө эң баалуу экспонаттар коюлган. Бул фонддун бир аз гана бөлүгү. Болгону 700дөй эски кол жазма бар. Аталган иш-чара борбор калаанын тургундары жана коноктору үчүн майрамдын алдында чоң белек болду деп ишенем.

Которгон: Илгиз Жамалбеков