Казакстан чек арадагы көзөмөлдөө чараларын күчөтөт

Казакстан чек арадагы көзөмөлдөө чараларын күчөтөт

Казакстан Египетке аба каттамдарын убактылуу токтотуп, анын ичинде Түштүк Африка, Ботсвана, Лесото, Намибия, Зимбабве, Мозамбик, Мадагаскар, Эсватини, Малави, Танзания жана Гонконгдон, жалпысынан 11 өлкөдөн кирүү чараларын чектейт. Бул тууралуу бүгүн өкмөттүн жыйынында маалым болду. Бийликтин мындай чечими дүйнөдө коронавирустун жаңы штаммы – омикрондун жайылышы менен байланыштуу. Вирустун жаңы штаммы бүгүнкү күнгө чейин Израилде, Чехияда, Нидерландыда, Бельгияда, Улуу Британияда, Италияда, Германияда, Австралияда, Канадада жана Египетте аныкталды. Андыктан азыр аталган өлкөлөрдөн келген жүргүнчүлөр вакцина алган-албагандыгына карабастан ПЧР-тестин милдеттүү түрдө тапшырышы керек. Муну менен катар, алар жети күн карантинге алынат. Бирок премьер-министр белгилегендей, жалпысынан өлкөдө эпидемиологиялык абал туруктуу. Бүгүнкү күндө кызыл зонада Түндүк Казакстан облусу гана калды, өлкөнүн 5 облусу сары, калган 11 аймагы жашыл зонада жайгашкан.

Аскар Мамин, РКнын Премьер-Министри:

- Стационардык жана амбулатордук дарылоодо бейтаптардын саны бир кыйла кыскарды. Инфекциялык ооруканалардагы орундар 29%, жандандыруу бөлүмдөрүндө 23% толду. Башка өлкөлөрдө коронавирустун Омикрон жаңы штаммынын пайда болгонун эске алуу менен Саламаттык сактоо министрлигинин мамлекеттик чек арадагы көзөмөлдү күчөтүү боюнча сунушун колдойм. Өлкөдөгү эпидемиологиялык абал такай көзөмөлгө алынып, имараттарда жана унааларда беткап тагынып, социалдык аралыкты сактоо улантылууга тийиш. Калкты вакцинациялоо жана ревакцинациялоо боюнча түшүндүрүү иштери күчөтүлүшү керек.

Которгон: Илгиз Жамалбеков