Казак тасмаларынын фестивалы үч өлкөдө өтөт

Казак тасмаларынын фестивалы үч өлкөдө өтөт

Казакстандык фильмдер Францияда, Бельгияда жана Люксембургда көрсөтүлөт. Үчүнчү жолу өтүп жаткан уникалдуу кинофестивалда көрүүчүлөргө Казакстан киносунун эң кызыктуу чыгармалары тартууланат. Бул жылы иш-чара биринчи жолу Париж мэриясынын демөөрчүлүгү менен уюштурулуп, анын ачылыш аземи да ушул тарыхый имаратта өткөрүлөт. Фестивалдын президенти Андрэ Ивановдун айтымында, бул жергиликтүү элдин казак киносуна болгон кызыгуусу артып баратканынан кабар берет. Фестивалдын алкагында Казакстан менен Франциянын кино ишмерлери үчүн бизнес-форум өтөт.

Андрэ Иванов, Казакстан киносунун француз бирикмесинин президенти:

- Фестивалды Франция эли көптөн күткөн Томирис тасмасынын француз тилиндеги бет ачары менен баштоону чечтик. Бул Казакстан кинематографиясынын эң кызыктуу чыгармаларынын бири. Аталган тасманы Франция калкы бир нече жыл күткөн.

Жергиликтүү кино сүйүүчүлөр коомуна «Сары мышык» тасмасы да көрсөтүлөт. Белгилей кетсек, бул картина Казакстандын атынан Оскар сыйлыгына көрсөтүлгөн. Ошондой эле, фестивалдын программасына «Барымтачылар» картинасы, Диордун шыктандыруучусу болгон Алла Ильчундун жашоосу тууралуу даректүү тасма, Ермек Шынарбаевдин «Казак тили сабактары» тасмасы кирди. Кино жумалыгынын соңку кечеси Сатыбалды Нарымбетовго арналып, анын «Аманат» тасмасы көрсөтүлөт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков