«Көз карандысыздыктын 30 жылы: тынчтык, ынтымак бирдиктүү элдин келечеги» эл аралык конференциясы

«Көз карандысыздыктын 30 жылы: тынчтык, ынтымак бирдиктүү элдин келечеги» эл аралык конференциясы

«Эгемендүүлүктүн 30 жылы: тынчтык, ынтымак, бирдиктүү элдин келечеги». Дал ушундай аталыш менен өткөн Казакстан Эли Ассамблеясынын эл аралык конференциясынын катышуучулары эгемендүүлүк жылдарында өлкөдөгү улуттар аралык ынтымактын казак моделинин жетишкендиктерин талкуулашты. Иш-чара алдыдагы эки майрамга: Тунгуч Президенттин күнүнө жана Эгемендүүлүктүн 30 жылдык мааракесине карата уюштурулууда. Жыйынга Казакстан Эли Ассамблеясынын мүчөлөрү, элчиликтердин өкүлдөрү, этномаданий бирикмелердин жетекчилери, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер катышты. Серепчилер этносаясаттын, маданият тармагындагы эл аралык мамилелердин жана ааламдашуу доорундагы биримдиктин калыптанышынын актуалдуу маселелерин ортого салды. Мажилистин депутаты Наталья Дементьева бүгүнкү күндө Казакстанда улутуна карабастан ар бир жарандын өнүгүүсү үчүн бардык шарттар тузүлгөндүгүн жана ар бир этностун нукура маданияты менен салттарын сактоого бирдей мүмкүнчүлүктөр каралганын белгиледи.

Наталья Дементьева, РКнын Парламент Мажилисинин депутаты:

- Эл Башынын даанышман саясатынын жана көрөгөчтүгүнүн аркасында Казакстан Эли Ассамблеясы түзүлдү. Бул идея көп улуттуу өлкөнүн элин бириктирген уникалдуу коомдук институт болуп калды. Ошентип, биздин улуттук лидерибиздин достуктун шамын жага билгендигинин аркасында Казакстан көп нерсеге жетишти деп ишенимдүү айта алабыз. Бүгүнкү күндө өлкөбүздүн аймагын дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндөй эле көптөгөн улуттар мекендейт. Элибиздин биримдиги көпчүлүккө үлгү. Башка мамлекеттер биздин улуттар аралык ынтымак саясатыбыздын тажрыйбасын өздөштүргүсү келет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков